Августтан тарта Жалал-Абад менен Баткен аэропортторун оңдоо башталат.
Мындан улам, аталган аба майдандар 1-августтан баштап жабылат дешти өкмөттүн басма сөз кызматынан.
Оңдоо иштерин 1-ноябрга бүткөрүү пландалууда.
Белгилеп кетсек, Баткен жана Жалал-Абад аэродромдору ишке берилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Аэродромдордун азыркы кездеги асфальт-бетон төшөлмөсү колдонуу мөөнөтүн толугу менен өзүн актап бүткөн.