Талас облусунун кире беришиндеги аркага заманбап жарыктандыруу жабдуу орнотулду

Кечээ, 18-ноябрда Өтмөк ашуусунда жайгашкан Талас облусунун кире беришиндеги аркага заманбап жарыктандыруу жабдыктары орнотулду. Маалым болгондой, жабдыктар күндүн нурунан энергия алып,

түндө жарык берип турат. Быйыл жазында Талас облусунун аркасы жана Манастын эстелигинин

тегереги толук түрдө реконструкциядан өткөрүлүп, иретке келтирилген. Мындан тышкары жүргүнчүлөр

эс алып отуруучу атайын жай жана даараткана курулган. Манас атанын эстелигинин тегереги сырдалып,

тоонун боорундагы «Таласым — ыйык жерим» деген жазуу жаңыртылган. Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда

Өтмөк ашуусунун кире беришиндеги Айкөл Манастын эстелигинин жанында туу көтөрүү аземи болуп өткөн.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алганында өткөрүлүп,

гимни ырдалып, аянты 100 чарчы метр болгон туу илинген.