ӨКМ сел коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

 

Ведомствонун маалыматына караганда, 6-8-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондордо жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүшү мүмкүн.

 

ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза зарылдыгын эскертет.