Аксы районунда селден жабыркаган тургундарга тиешелүү жардам көрсөтүлөт

Аксы районунда селден жабыркаган тургундарга тиешелүү жардам көрсөтүлөт.

 

Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле, министрлер кабинетине селдин кесепетин тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

 

Эске салсак, кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Талды-Булак жайытында сел жүрдү. Агым 8 адамды агызып кетти. Түндө издөө иштеринде 2 эркек жана 4 аялдын денеси табылды. Ал эми дагы эки киши дайынсыз.