Кыргызстанда 15 миң 785 медицина кызматкери августта компенсация алат

Кыргызстанда 15 миң 785 медицина кызматкери августта компенсация алат.

 

Дарыгерлерге бериле турган жалпы сумма – 269 миллион сомдон ашык, — дешти өкмөт аппаратынан. Маалыматка ылайык, арыздарды 146 медициналык уюм тапшырган.

 

Андан тышкары, жыл аягына чейин дарыгерлерге компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен 640 миллион сом бөлүнөт. Белгилеп кетсек, марттан бери коронавирустун очогунда эмгектенген медицина кызматкерлерине кенемте төлөнүп жатат.