Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн чогулган акчага көз салуу үчүн атайын сайт ишке киргизилди

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн чогулган акчага көз салуу үчүн атайын сайт ишке киргизилди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, help.covid.kg сайтында ведомство арасында акча кандай бөлүштүрүлүп жатканын көрсө болот.

 

Белгилеп кетсек, учурга карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин депозиттик эсебине 125 миллион сом, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебине 13 миллион, мэриянын эсебине 2 миллион сом чогулду.