Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот. “Турмуш” билдиргендей, жалпы билим берүү мекемеси Жаңы-Арык айылында курулуп жатат. Имарат 320 окуучуга чакталат.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы дээрлик 49 миллион сомго жетет. Курулуш иштерин кийинки жылы аяктоо пландалууда.