Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражаттын эсебинен мектептерди куруу уланууда. novosti.kgге Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, буга чейин 15 билим берүү мекемесин куруу пландалган.
Бирок карантинге байланыштуу, быйыл 3 эле мектеп колдонууга берилет – Бишкектеги №12 мектептин кошумча корпусу, Чүй облусунун Орок айылындагы мектеп жана Оштун Нариман гимназиясынын кошумча корпусу. Калган билим берүү мекемелеринин курулушу кийинки жылга калышы ыктымал.