Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ал көптөн бери ооруп жүргөн.

 

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда Аксы районунда өтөт.

 

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. 1965-жылы Москвадагы Мамлекеттик маданият институтун аяктап, 1975-жылы ММУда (Москва мамлекеттик университетинде) кандидаттык диссертациясын жактаган.

 

Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында директор болуп иштеген. 1990-жылы “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) уюштуруучуларынын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар жетектеген.