Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын 1 миллион 104 миң 371 адам алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул эмдөө ала турган жалпы жарандардын 49 пайызын түзөт.
Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2 миллиондон ашык, же калктын 70 пайызын эмдөө керек. Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө вакцина жетиштүү өлчөмдө бар. Жарандар Pfizer, Спутник-Лайт, Moderna жана Sinopharm препараттары менен эмделе алат.