Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулады

Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бактыбек Бекболотов билдирди.

 

Анын айтымында, ошондой эле абадан коргонуу күчтөрүнүн учуучу курамына 24 миң сомдон 42 миң сомго чейин, Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине 50 миң сомго чейин үстөк акылар белгиленген.

 

Министр мобилизациялык резервден жана альтернативдик кызматтын жыйымдарынан бюджеттин кирешеси жыл сайын өсүп жатканын кошумчалады.