Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 16,5 пайызга өстү.
Улуттук банктан билдиришкендей, 2021-жылдын 11 айында чет өлкөдө
иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенге 2 миллиард 517 миллион доллар которду.
Ал эми 2020-жылы ушул эле мезгилге салыштырмалуу январь-ноябрь айларында
өлкөгө аталган суммадан 357 миллион долларга аз которулган. Белгилеп кетчү
нерсе, чет өлкөдөн Кыргызстанга акча которуулардын көп бөлүгү
2021-жылдын сентябрына туура келет