Криштиану Роналду “ПСЖга” өтүшү мүмкүн

Англиялык “Манчестер Юнайтеддин” жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду “ПСЖга” өтүшү мүмкүн. Бул жакында Париж клубун машыктыра  турган Зинедин Зидандын талабы.

 

Эске салсак, Зидан Роналду менен иштеген “Реалдан” кеткенден бери жумушсуз отурат. Ал эми 36 жаштагы футболчу ушул сезондун аягына чейин “Манчестер” менен келишим түзгөн жана андан кийин клуб которуу ниетинде.