Кыргызстанда быйыл 75 мектептин курулушу пландалууда.
Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, анын 15и жаңыдан салынат. Калганы калыбына келтирилет.
Мектептерди курууга жалпысынан 2 миллиадр 448 миллион сомго жакын керектелет.
Ал эми ушул айдын аягына чейин Бишкектеги 225 орундуу №16чы жана Чүй облусунун Орой айылындагы 500 орундуу мектеп оңдоп-түзөөдөн кийин каалгасын ачат.
Эки объектке 140 миллион сомдон ашык сарпталды. Белгилеп кетсек, республикада авариялык абалдагы 100дөн ашык мектеп бар.