Криштиану Роналду соцтармактардагы баракчасында катталуучуларынын саны 500 миллиондон ашкан дүйнөдө алгачкы адам.
«Bleacher Report» жарыялагандай, учурда 36 жаштагы спортчунун Instagram баракчасына 262 миллион,
Facebook баракчасына 148 миллион жана Twitter аркылуу ачкан баракчасына 91 миллион адам катталды.
Белгилеп кетсек, инстаграмда эң көп катталуу Роналдуда. Роналдунун көрсөткүчүн
386 миллион колдонуучусу бар «Инстаграмдын» өзүнүн расмий баракчасы гана басып өтөт