Жаңы шайланган парламент депутаттары кийинки жумада ишке киришет.
Бул тууралуу 24 агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти. Пленардык жыйын,
болжолдуу түрдө шейшемби, 28-декабрда кезексиз тартипте өтөт. БШКдан
кошумчалашкандай, аталган убакка чейин атаандаштар ортосундагы
добуштарды саноонун жыйынтыгы боюнча талаштар боюнча
бардык соттук териштирүүлөр аякташы керек.