Курулуш компаниялары куруп жаткан имаратты реестрге каттоого милдеттүү болот

Министрлер кабинети Кыргызстанда мүлк сатып алгандардын укугун коргоо үчүн салынып жаткан объектилердин курулушун көзөмөлдөө тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров 21-ноябрда кол койгон. Токтом 2024-жылы 1-январда күчүнө кирет.

 

Иштелип чыккан жобо адамдардын акчасын алып, көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктү куруп жаткан компаниялардын ишин аныктайт. Ишкана салып жаткан объектисин реестрге каттатпаса, үлүшчүлөрдөн акча чогултууга жана батирлерди сатууга тыюу салынат. Токтомдо бул талап мүлк сатып алган кишилерди шылуундардан коргой турганы жазылган.

 

Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде элден чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар.