Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Ал Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын жыйынына катышат.

 

Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, БАЭдеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча өлкө президенттери чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат.

1-декабрда Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого катышат.

Кыргызстадын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— финансы министри Алмаз Бакетаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.