Индиянын тургуну чачынын узунудугу менен рекорд койду. Аял чачын 14 жашынан бери өстүрүп, учурда 236 сантиметрге жетет. Ал жумасына эки ирет башын жууйт.
Бирок чачты жууганга, кургатканга жана тараганга эле 3 сааттан ашык убакыт талап кылынат. Мындай узун чачты жайып жүрүү мүмкүн эмес, андыктан, ал дайыма өрүп же түйүп жүрөт.