Кувейттин курамасы Бишкекке хоккей чемпионатына келбейт

Кувейттин курамасы Бишкекке хоккей чемпионатына келбейт. Оюндан баш тартуунун себеби – аталган өлкөдө коронавирус катталып, карантин жарыяланды. Андан улам, командага боло турчу беттештерде 0:5 эсеби менен техникалык утулуш жазылат.

 

Эске салсак, хоккей боюнча 4-дивизиондун дүйнөлүк чемпионаты Бишкекте 3-5-мартта өтөт. Медалдарга Кыргызстан, Малайзия жана Филиппиндин курамалары күрөшөт.