Кырчын жайлоосунда лыжа тебүүчү база курулат

Кырчын жайлоосунда лыжа тебүүчү база курулат.

Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Келишим ишке ашып калса бир жылда курулуш иштери башталат.

Долбоордун акыркы баскычтары боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталууда.

Ошондой эле ал инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мыйзам чегинде

жер бөлүп берүү жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.