Экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасы тандалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын экс-муфтийи Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын тандады.

Айыпталуучунун адвокаты Акин Токталиевдин айтымында, сот Токтомушевди үй камагына чыгарды.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө, муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалганын УКМКдан билдиришкен.