Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана казак тараптагы “Карасуу” өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги кайрадан пайда болду.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Ак-Тилекте” 100дөн ашык, “Карасууда” ондогон машине кезек күтүп турат.
Тыгындын пайда болушуна сезондук жүк ташуу гана себеп болуп жатканы белгиленди.