Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда унаа жолго кар көчкү түштү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 59-чакырымында
болжол менен 1 миң 800 чарчы метрди түзгөн кар массасы түшкөн.
Тазалоо иштерине жергиликтүү бөлүмдөн атайын техникалар жана
кызматкерлер тартылды. Жумуштар бүгүн да уланууда.