Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду

Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана

үчүнчү окууда колдоду. Жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык,

36 депутат бир мандаттуу, 54ү партия ичиндеги талапкерди тандоо менен шайланат.

Ал эми босого чеги 3төн 5 пайызга көтөрүлдү. Ар бир төртүнчү депутат аял болсун

деген квота киргизилди. Натыйжада 107 депутат макул болуп, экөө каршы добуш берди.

Эми мыйзам долбоорго президент кол койсо күчүнө кирет.