Кыргыз-тажик чек арасын зым менен тосуу иши убактылуу токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасын зым менен тосуу иши убактылуу токтотулду. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 23-январда Лейлек районуна караштуу Козу-Баглан дарыясынын аймагында Эски-Оочу айылынын тургундары чек ара аймагынын такталбаган жерине мал кирип кетпеши үчүн зым менен казыктарды орнотуу иштерин баштаган.

 

Бирок Тажикстандын чек ара кызматы «тосмо орнотууга эки тараптуу чечим керек» деген жүйөө менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан.

 

Анткен менен чек ара кызматы тосмо орнотуу 21-январда эки мамлекеттин чек ара тозот башчылары менен макулдашылганын маалымдады. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакын арада эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.