Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт каттамга чыкты

Бүгүн Бишкекте коомдук транспорт каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына ылайык, шаар тургундарын 110 троллейбус, 112 автобус жана кичи маршруттук таксилер ташыйт.

 

Алардын саны акырындап көбөйтүлөт. Коомдук транспорт кадимки тартипте эле иштейт.

 

Бирок санитардык нормалар сөзсүз сакталышы керек. Жүргүнчүлөр менен айдоочулар бет кап, кол капчан болушу шарт.