Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыштан улам Баткен облусундагы чектеш аймактардагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыштан улам Баткен облусундагы чектеш аймактардагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин облустагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев билдирди.

 

Анын айтымында, жакынкы күндөрү Билим берүү министрлиги менен тактоо иштери жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, буга чейин Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Баткен жана Лейлек райондорунун мектептеринде окууну улантуу мүмкүн эместигин айткан.