Ордо калаада таштандыны сорттоо долбоору ишке кирди

Ордо калаада таштандыны сорттоо долбоору ишке кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда ал Октябрь районунда гана иштеп жатат. Таштанды контейнерлерине “айнек”, “кагаз”, “желим”, “темир” жана “тиричилик калдыктары” деген жазуулар чапталды.

 

Ар биринин жанында ыктыярчылар туруп, шаар тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыны сорттоо керектигин айтып беришет.

 

Муниципалитеттен такташкандай, таштандыны сорттоо менен шаардын экологиясын тазартуу мүмкүн болот.