“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  кол койду.

 

Ага ылайык,  ишкананын жумуштан бошогон кызматкерлерине компенсация төлөнөт. Белгилеп кетсек, “Кыргыз туризм” 2019-жылы түзүлгөн. Мамлекеттик ишкана коммерциялык багытта иштеп, киреше алып келе албай жаткан туристтик жайларды, объектилерди өз көзөмөлүнө алмак.