Кыргызстан бийлиги коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну үчүн КМШ менен чек араларын жаппайт

Кыргызстан бийлиги коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну үчүн КМШ менен чек араларын жаппайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, Кытайдан товарлар жана эмгек ресурстарынын басымдуу бөлүгү келгендиктен, кыргыз-кытай чек арасы гана жабык болчу. Ал эми Евразиялык экономикалык бирикмеге кирген республикалар менен чек аралар жабылган эмес.