«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим улуттук киноискусствону андан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү, кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” ЧӨБ” ММ уставын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.