Электрондук кол тамганы БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот

Эми булут электрондук кол тамгасын Борбордук шайлоо комиссиясынын билим берүү борборлорунан алууга болот.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен БШКнын ортосунда 2022-жылдын сентябрынан тартып электрондук булут кол тамгасын берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө келишим түзүлгөн.

Кызматташтык «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Белгилеп кетсек, электрондук булут кол тамга акысыз берилет.