Кыргызстандагы шаарларды жылуулук менен камсыздоо иштери уланууда.
21-октябрдан тартып Токмок шаарында дагы жылуулук сезону старт алат.
Салтка айлангандай алгач оорукана, мектеп, бала бакча жана социалдык
мекемелерге жеткиликтүү болсо, андан кийин көп кабаттуу
үйлөрдүн батареялары жылып баштайт.