Алты айда бюджеттин кирешеси 80 миллиард сомдон ашты

Ушул жылдын январь-июнь айларына карата алдын-ала маалыматтарга ылайык, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 80 миллиард 767 миллион сомду түздү.

 

Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 28 миллиард 296,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады.

Алты айда бюджеттен сарпталган чыгымдардын көлөмү 80 миллиард 191,7 миллион сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 10 миллиард 45,9 миллион сомго көп.

 

2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сом.