Нарында быйыл картөшкө аянты көбөйтүлөт

Нарында быйыл картөшкө аянты көбөйтүлөт. Коронавирус дүйнө өлкөлөрүнө тез таралып, коркунуч жаратып жаткандыктан Нарын облусунда азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында дан эгиндери жана картөшкөнүн  айдоо аянтын көбөйтүүгө дыйкандарга сунуш берилүүдө.

 

Быйыл аталган аймак боюнча 38 миң гектар жер аянтын айдоо пландалган. Мунун 23 миңге жакын гектарына дан өсүмдүктөрү, 5 миң 200 гектарына картөшкө айдалат. Учурда техникаларды оңдоо, насостук станцияларды ремонттон өткөрүү жана керектүү үрөндөрдү топтоо иштери жүргүзүлүүдө.