Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналуууда.
Өсүмдүк өстүрүү жана интенсивдүү багбанчылык департаментинен
билдиришкендей, эрте бышкан жашылча-жемиштин дүң жыйымы
былтыркыга салыштырмалуу 3 миң 700 тоннага аз болду. Бүгүнкү
күндө өлкө боюнча 10,5 миң тонна жашылча жана 3 миң тонна
мөмө-жемиш жыйналды. Картошка 629 гектар аянттан казылып,
өткөн жылдан 418 гектарга аз болду.