Кыргызстан COVID-19 боюнча дүйнөлүк рейтингде 93-орунда турат

COVID-19 боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93 орунда турат.

Бул боюнча брифингде «Профилактическая медицина» илимий-өндүрүштүк

бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Ал жалпысынан вирус жуктургандардын саны 180 миңге жетип, 2 миң 620 адам каза болгонун белгиледи.

«Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74% га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30% ды түздү. 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекция мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл », — деп кошумчалады Омор Касымов.