Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп жер титирөө болгон беш өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп жер титирөө болгон беш өлкөнүн катарына кирди. Акыркы бир жылда өлкөдө күчү төрт баллдан ашкан 143 жер титирөө катталган.

 

Мындай рейтинг АКШнын Геологиялык кызматынын, ошондой эле Евро-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматтарына негизделген.

 

Серепчилердин айтымында, акыркы бир жылда эң көп жер титирөө Японияда болгон – 204 учур. Андан кийин Мексика, Индонезия жана Кытай турат.

 

Өткөн жылы Кыргызстанда жер титирөөлөрдүн жалпы саны 54кө азайганына карабастан, бул жолу республика рейтингде дароо 19 позицияга көтөрүлдү.