Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери жакында аныкталат

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен аныкталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, мындан ары да ушундай жагдайды болтурбоо боюнча чаралар сунушталат. Тактап айтканда, жылуулук электр борборунун негизги жабдууларын оңдоо жана калыбына келтирүү жана аны толук жаңылоонун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.

 

Мындан тышкары окуяга күнөөлүү адамдарга чара көрүү боюнча сунуштар киргизилет.

 

Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде 2-февралга караган түнү авария болгон.