Кыргызстан дээрлик 16 миң тонна помидор импорттоду

Кыргызстан быйыл январь-июнь айларында 15 миң 708,1 тонна помидор импорттогон. Ал 8 млн 829,3 миң долларды түздү, — деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

 

Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч 3,7 миң тоннага азайган.

 

Помидордун көбү Түркмөнстандан (6,2 млн долларга 10 миң 357 тонна) жана Өзбекстандан (2,3 млн долларга 5 миң 63,4 тонна) импорттолгон. Казакстан, Иран, Түркия, Кытайдан дагы помидор сатып алынган.

 

“Жарым жылда продукцияны экспорттоо да белгиленген. Анын 418,9 тоннасы 175,5 миң долларга сатылган. Экспорт Казакстанга (152,3 миң долларга 256,8 тонна) жана Россияга (23,2 миң долларга 162,1 тонна) жасалган”, — деп айтылат маалыматта.