Кыргызстандыктар Польшада мыйзамдуу ишке орношо алат

Кыргызстандыктарга Польшада мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аталган министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Польшанын “Eurokadra Group” агенттиги ишке орноштуруу боюнча келишимге кол койду.

 

“Биздин жарандар өндүрүш, коомдук тамактануу, курулуш тармагында иштей алышат. Квалификациясы бар кыргызстандыктар тастыкталган сертификат менен жаңы көндүмдөрдү алуу үчүн атайын окуудан өтүшү керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Жыл башынан бери министрлик жеке ишке орноштуруу агенттиктери менен 138 жаранды Польшага жөнөткөн.