Памирден 20га жакын үй-бүлө Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүп келет.
Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
Алар көчүп келгенден кийин убактылуу жашап туруу үчүн Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы лицей мектебинин имаратына жайгаштырылат.
Эске салсак, 2019-жылы 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген.
2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган.
Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Афганистанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму.
Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир өрөөнүн байырлайт.