Кыргызстан электр энергиясын Белорусиядан импорттоо мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат

Кыргызстан электр энергиясын Белорусиядан импорттоо мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу Евразиялык өнүктүрүү банкынын мониторингинде жазылган.

 

Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алууда. Аналитиктердин эсептөөсү менен жайкы мезгилде Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү 2,7 миллиард кубометрге өсүп, бул айдын башына карата 11,3 миллиардды түздү, бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, кыйла аз.

 

Эске салсак, Токтогул ГЭСи иштеп чыккан электр кубаты Кыргызстандын муктаждыгын 40 пайызга камсыздайт.