Америка Кошмо Штаттары кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетип, мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартат

Америка Кошмо Штаттары кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетип, мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартат. Бул тууралуу Акчабар порталы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге шилтеме келтирип билдирет.

 

Анын айтымында, учурда бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Парламентте белгилешкендей, бүгүнкү күндө кыргызстандык студенттерге кыйын болууда. АКШда окуп жаткандарга виза биржылга гана берилип, алар жыл сайын өлкөдөн чыгып кетип, визаны жаңыдан алууга аргасыз.