Кыргызстан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээледи

Кыргызстан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээледи. Биздин капчыкта 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалдар топтолду. Медалдык зачетте биринчи орунда Иран жайгашты.

 

Бул өлкөнүн балбандары 7 алтын медаль багындырды. Экинчи жана үчүнчүдө 5тен алтын менен АКШ жана Япония жайгашса, Россияда 4 алтын медаль. Эске салсак, дүйнө чемпионаты 2-октябрдан 10-октябрга чейин Норвегияда өттү.