Өлкө мектептеринде биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, окуучулардын күзгү каникулдары 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат.
15-ноябрда мектептерде экинчи чейрек башталат. Эске салсак, быйыл биринчи ирет жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталды.
Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.