Кыргызстан мектептери 12 жылдык окууга качан өтө турганы белгисиз

Кыргызстан мектептери 12 жылдык окууга качан өтө турганы белгисиз. Себептер тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.

 

Даярдыгыбызга жараша болот да. Азыркы учурда мисалы Билим берүүнүн мамлекеттик билим берүүнүн стандарты даярдалды 12 жылга ылайыкташтырылган. Андан тышкары, предметтик стандарт даярдалат. Анан окуу китептери даярдалышы керек 12 жылдыкка. Бул жерде мурдагы эле мазмун 12 жылга бөлүнүшү керек

 

Эске салсак, Билим берүү министрлиги мектепке чейинки даярдыктын ордуна  12 жылдык окуу программасын киргизүүнү демилгеледи.