Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен мектептердин курулушу график боюнча жүрүүдө

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен мектептердин курулушу график боюнча жүрүүдө. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпысынан, донорлордун каражатына 27 жалпы билим берүү мекемесин куруу пландалып жатат.

 

Келишимдердин жалпы суммасы 26 миллион долларды түзөт. Планга ылайык, быйыл 4 мектеп колдонууга берилет – анын экөө Ош облусунда жайгашса, бири Нарында, дагы бири Жалал-Абад облусунда.