Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей,
бугүн кечки саат 6га чейин Центральный, Выставочный, Чыгыш, Мостовая,
Абдрахманов, Волкова, Кустанай, Токтоналиев көчөлөрүндө, Чыңгыз Айтматов
проспектисинде, Ак-Ордо Киргизия-1 жана Киргизия-2 конуштарында, Чоң-Арык
айылында электроэнергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.